02:12
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жогорку Кеңеш Акрам Мадумаровду вице-премьер-министр кызматына бекитти

Жогорку Кеңеш Акрам Мадумаровду вице-премьер-министр кызматына бекитти. Бул тууралуу чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Акрам Мадумаров буга чейин Баткен облусун жетектеген.

Парламенттин жыйынында анын талапкерлигине бир топ сын пикирлер айтылды.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин билдирүүсүндө, Акрам Мадумаров чек ара маселесин гана көзөмөлдөп, чек арага жакын райондордун социалдык маселелерин чечүү менен алектенет.

Ал эми күч жана укук коргоо органдары премьер-министрдин башкаруусуна өтөт.