13-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн −8...-13, күндүз −3...-8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3...+2, күндүз 4...9,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн −1...-6, күндүз 2...7,
Талас жергесинде түнкүсүн −2...-7, күндүз −3...+2,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −1...-6, күндүз −2...+3,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −16...-21, күндүз −2...-7° болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн −1...-3, күндүз 0...2° болот. Мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түндө туман түшөт.