Биринчи президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келгени боюнча маалыматты үй-бүлөсү четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК жазып чыкты.
Буга чейин Майрам Акаева «Аэрофлот» менен Бишкекке учуп келгендиги айтылган.
Акаевдердин үй-бүлөсү Кыргызстанда Айдар Акаевдин кыркын өткөрүү пландан жаткандыгы кабарланган.
Аскар Акаев 2005-жылдан бери Москвада жашайт. Ал эми анын жубайы Майрам Акаева акыркы жылдары Женевадагы хансарайында жашаганы айтылат.