Өзбекстан Кыргызстандагы студенттерин кайтарып алып кетүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК маалымдайт.
Студенттердин айтымында, Кыргызстандан барган жаштар ЖОЖдорго сынаксыз кабыл алынат. Өзбекстанда окуу жайга өтүү үчүн босого баллы өтө жогору болгондуктан көпчүлүк жаштар коңшу мамлекеттерге кетишет.
Белгилей кетсек, Өзбекстандын билим берүү министрлиги 6-февралда Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстанда окуп жаткан жарандарын өз мекенине кайтаруу жөнүндө буйрук чыгарды.

