05:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек-Ош жолунда автоунааларга чектөө киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымындагы «Чычкан» посттунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, аба-ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу чектөө киргизүү бүгүн, 10-февралда эртең мененки саат 07:00дөн башталды.

«Токтогул районунун аймагында кардын калыңдыгы 25-30 см түзүп, буга байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында карды тазалоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат. 

Эң көп окулган жаңылыктар