10-12-февралда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызыматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 10-февралда түнкүсүн өрөөндөрдө жаан жаап, күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
11-12-февраль күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.
10-февралдан 12-февралга чейин түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү ыктымал.