07:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды

КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы төрагасы болуп Азамат Болгонбаев шайланды. Бул тууралуу КТРКнын расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, Болгонбаевдин талапкерлигин кеңештин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришкен.

«Ошондой эле бүгүнкү жыйында КТРКнын радиоуктуруу боюнча башкы директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Айбек Мусаевди Байкоочу кеңештин мүчөлөрү орун басар кылып, бир добуштан бекитишти», — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, байкоочу кеңештин мурунку төрагасы коомдук ишмер Жыпар Жекшеев ноябрь айында кызмат ордунан кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар