17:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мирзиёевдин кызы журналисттер менен блогерлерди колдоого алат

Өзбекстан президентинин улуу кызы Саида Мирзиёева коомчулукка жаңы түзүлгөн Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү фондун тааныштырды.

Маалыматка карганда, фонддун максаты маалымат каражаттары үчүн бирдей шарт түзүүгө, аларды өнүктүрүүгө жана журналисттер менен блогерлердин укуктарын сактоого көмөктөшүү болуп эсептелет.

Мындан тышкары фонд ММКлардын материалдык-техникалык базасын бекемдөө, журналисттер менен блогерлердин ишмердүүлүгүн колдоо, аларга юридикалык, техникалык жана башка жардамдарды көрсөтүүнү көздөйт.

Саида Мирзиеева журналисттер, блогерлердин укугун коргоону убадалады.

Эскерте кетсек, президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана байланыш агенттигинин директору Комил Алламжонов менен анын орун басары Саида Мирзиёева өз арыздарынын негизинде кызматтан кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар