Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн ишин жогорулатуу үчүн дагы бир аракет көрүүдө. Бул жолу вице-премьер-министрлерде өзгөрүү жүрдү.
Вице-премьер Замирбек Аскаров кызматынан бошотулуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектөөгө жөнөтүлүүдө. Анын ордунда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун директору Эркин Асрандиев келет.
Белгилүү болгондой Эркин Асрандиев финансы-экономикалык тармакты жана ЕАЭБтин алкагындагы иштерди толук колго алат.
Ал эми дагы бир вице Жеңиш Разаковдун ыйгарымдары азайып, анын башкы иши чек ара маселеси болот.