08:37
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

«Ата Мекен» КСДП менен «Республика» партиясынын шайлоочуларына таянат

Саясатчы Өмүрбек Текебаев шайлоодо Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) менен «Республика» партиясынын колдоочулары «Ата Мекенге» оойт деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Азаттыктын» 2×1 программасында билдирди.

Анын пикиринде, аталган саясый уюмдардын электоратынын бийликке нараазычылыгы башка партияга ыктоого түртөт.

«Эгерде КСДПнын, «Республиканын» бүгүнкү абалын эске алсак, ошол эки партиянын электораты бизге оойт го деген негиздүү жоромол бар. Анткени КСДП бүгүнкү бийликке канааттанбай турат. Бабановду бүгүнкү бийлик кордоп-зордоп шайын оодарды. Алардын электораты кимге барат? Кеп ошондо. Бабановдун электоратын билбейм, бирок КСДП менен «Ата Мекен» партиясынын электораты бир болгон», — дейт Өмүрбек Текебаев.

Эң көп окулган жаңылыктар