10:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кэтлин Чукагян: Валентина Шевченко мендейлер менен согушкан эмес

Валентина Шевченко 8-февраль күнү кезектеги UFC чемпиондук титулун коргойт. Анын каршылашы америкалык Кэтлин Чукагян болмокчу.

Маалымаматка ылайык, 2-февраль күнү боло турган беттеш тууралуу мушкерлер катышкан пресс-конференция өттү.

«Аны баары макташат, чыныгы, улуу чемпион дешет. Сокку ыкмасын да баалап келишет, бирок мен ойлойм грэпплинг күрөшү менен да кызыктырат. Мага жерде ыңгайлуу, джиу-джитсу боюнча күрөң курум бар. Ал согушкан грэпплердин арасынан мен эң күчтүүсү болом. Негизинен мендейлер менен Валентина согушкан эмес. Мен дайыма кыймылдамын. Бир калыпта болуп, колдонуу ыкмаларым да жакшы. Эки эмес беш раундта тең мушташкым келет. Мен даярмын. Көрөбүз мындан эмне чыгат», — дейт Кэтлин Чукагян

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби