17:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ажылык −2020. Зыяратчылардын кийимин тигүүчү ишкана, билет баасы аныкталды

Кыргызстандык зыяратчыларды быйыл дагы «Flaynas» ишканасы Меккеге жеткирет. Бул тууралуу муфтият билдирет.

Авиакомпаниялар ортосунда жарыяланган сынакта Сауд рабиялык ишкана жеңүүчү болуп табылды. Билет баасы 1 миң 550 долларга белгиленди.

Белгилей кетсек,  «Flaynas» компаниясы 10 жылдан бери муфтият менен иштешүүдө. 

Зыяратчылар үчүн эмдөөчү каражаттарды «Фарватер» компаниясы камсыздайт.

Кийимин тигүү милдети жеке ишкер Динара Акматбековага жүктөлдү. Ал сынакта 7 талапкердин арасынан жеңүүчү деп табылды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга быйыл 6 миң 110 квота бөлүнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар