Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААКдан билдиришти.
Ондоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
- 9.00-14.00 — «Ак-Тилек» (Мажүрүм Тал, Чалдыбар, Жерге Тал);
- 9.00-17.00 — «Кызыл куруучу», «Рухий-Мурас» (6-7- көчө), Бөкөнбаев, Ала-Арча, Махатма Ганди, Москка, Бейшеналиева, Манасчы Сагынбай, Токтогул көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
- 9.30-18.00 — Айни, 3-линия, 2-линия Жунусалиев, Сибир бурулушу;
- 9.30-17.00 — Чоң Арык, 7-линия, 6-линия, 5-линия, Шералиев;
- 10.00- 17.00 — «Эне-Сай» (9-10-көчө);
- 10.00-14.00 — «Чыгыш-5», 3/2, 10/2, 11/2, 13, 16/2, 17/2, 24/2.