20:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы туура эмес жүрүм-туруму үчүн иштен алынды

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова туура эмес жүрүм-туруму үчүн, Судьялар кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссиянын чечими менен жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Элмира Сулайманова кызматынан бошотулду.

Эске салсак, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова, 30-декабрда мас абалда унаа башкарып бара жатып, башка унааны сүзүп алган. Анын жанында айдоочулук күбөлүгү жана унаанын техникалык паспорту жок болуп чыккан. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерге келгенде, Элмира Сулайманова документтери үйдө калганын айтып, милицияны үйүнө бирге барууга чакырган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар