20:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткенде соттолгон тажик жарандары өкүмдү жокко чыгарууну талап кылууда

Кыргызстанда узак мөөнөткө соттолгон Тажикстандын жарандары Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов Баткен облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, аларды абактан бошотууну талап кылууда.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалына байланыштуу кармашкан. Баткен облусунун Лейлек райондук соту аларды «Тынчтыкка каршы кылмыш жасоо» жана «Талап-тоноо» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. 2021-жылы декабрда Баткен облустук соту алардын жазаларын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. 2022-жылы июнда Кыргызстан Абдукаххоров менен Юнусовду калган жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн Тажикстанга өткөрүп берилген. Учурда алар Яван түрмөсүндө камакта отурат.

12-январда «Озоди» радиосу Тажикстандын Жогорку сотундагы өз булагына таянып, соттолгон Абдукаххоров менен Юнусовдун өкүмдү жокко чыгаруу тууралуу арызы каралып жатканын кабарлады. «Арызда алар эч кандай кылмыш кылбаганын жана эркиндикке чыгарылышы керектигин жазышкан», — деп билдирген булак. Ал иштин башка чоо-жайын айтуудан баш тарткан.

Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов Тажикстандын жарандары. 2021-жылдын жазына чейин Кыргызстандык Борбордук айылында жашашкан. Борбордук менен Тажикстандын Хистеварз айылын болгону бир көчө гана бөлүп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар