05:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров ырчылар, ишкерлер, депутаттар менен футбол ойнойт

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Мурас» достук турнири 14-15-декабрда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Ага 16 команда катышат:

— Президенттин командасы
— Маданият өкүлдөрү — «Өнөр»
— Белгилүү ишкерлер — «Бизнес»
— Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү — «Журналисттер»
— Футбол ардагерлери — «Алга»
— Спорт федерацияларынын жетекчилери — «Спорттук федерациялар»
— Жогорку Кеңештин депутаттары — «Жогорку Кеңеш»
— Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — «Аймактар»
— Дин өкүлдөрү — «Ыйман»
— Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери — «Элчилер»
— Ооруканалардын башкы дарыгерлери — «Ден соолук»
— Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — «Билим»
— Сот бийлигинин өкүлдөрү — «Фемида»
— Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери — «Коопсуздук»
— Белгилүү спортчулар — «Спорт жылдыздары»
— Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери — «Достук».

Эң көп окулган жаңылыктар