04:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өзбекстанда 25 жылдан ашык жашаган адамдарга жарандык берилет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 1995-жылга чейин көчүп келип, ошондон бери өлкөдө жашап жаткан адамдарга жарандык берүүнү убадалады. Бул тууралуу мамлекет башчы  парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Мирзиёевдин айтымында, бул Өзбекстанда жашап жаткан болжол менен 50 миң адамдын жарандык алуу маселесин чечет. Президент парламентти бул сунушту карап чыгып, 1-майга чейин тиешелүү мыйзам долбоорун даярдоого чакырды.

Мирзиёев ошондой эле ички миграция тармагындагы саясатты либералдаштыруу жана айыл тургундарынын Ташкентте иштөөсүнө тыюу салган союз мезгилинен бери сакталып келаткан системаны жоюу пландары жөнүндө айтты.

Жүз миңдеген өзбекстандыкты башка өлкөлөрдө жумуш издөөгө аргасыз кылган бул тажрыйбадан баш тартууга мезгил келди.

Шавкат Мирзиеев

Мындан тышкары Мирзиёев мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү үчүн Коомдук палата түзүү ниетин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар