09:55
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-250» үлгүсүндөгү унаа аныкталды

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-250» үлгүсүндөгү унаа аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 432 миң 88 сомду түзөт.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар