00:08
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстан Кытай менен чек арасында санитардык көзөмөлдү күчөттү

Кыргызстан Кытай менен чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди. 

Анын айтымында, Нарындагы «Торугарт», Оштогу «Эркечтам» бекеттеринде, Бишкектеги «Манас» аэропортунда санитардык көзөмөлдөөчү кызматкерлер иштеп жатышат. Ал жерлерде адамдын дене табын өлчөөчү портативдик тепловизорлор да орнотулуп, Кытайдан келгендерди текшерүүдө.

«Бизде коронавирус учурлары болгон жок. Кайрылгандар да жок», — деди ал.

Адамдын өпкөсүн сезгентүүчү жаңы вирус Кытайда декабрдын соңунда аныкталды.

Кытайдын Гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Ли Бин 22-январда соңку маалыматтарды айтып, каза болгондордун саны тогуз, ооруну жугузуп алгандар 440 киши экенин расмий билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума