05:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Cambridge School мектебинин директорун өлтүргөн жаран 7 жарым жылга кесилди

Cambridge School тил үйрөтүү мектебинин директору Тижжани Али Абубакардын өлүмүнө айыпталып жаткан К.Э. 7 жарым жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку соттун басма сөз кызматынын билдиришти.

Ошондой эле К.Э. 90 миң сом айып төлөшү керек.

Эске салсак, 2019-жылдын жайында «Айчүрөк» соода борборунун жанында чыр чыгып, чет элдик жаранды сабап салышкан. Ал комага түшүп калып, 3 күндөн кийин өзүнө келбей каза болгон.

Каза болгон Нигериянын тургуну 38 жаштагы Тижжани Али Абубакар Кыргызстанда 20 жылдан бери жашап, тил үйрөтүүчү мектептин директору болуп иштеп келген.

Анын өлүмүнө шектелген жаран кармалып, ал чет элдик жаран экөөнүн ортосунда чыр чыкканын айткан. Буга телефонго тартуу иштери себеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар