18:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жаш балдарга ыдык көрсөттү деп айыпталган жаран 22 жылга эркинин ажырады

Токмок шаардык соту жаш балдарга ыдык көрсөттү деп айыпталган 35 жаштагы жаранды 22 жылга эркинин ажыратты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй облустук прокуратурасынын кылмыш жана жарандык сот өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Нурлан Тагаев билдирди.

Айтымында, шектүү жаш балдарды шымын чечкенге мажбурлап, алардын интимдүү жерлерин кармалаган.

«Мисалы, 9 жаштагы кызга бычак такап ыдык көрсөткөн. Айыпталуучу кызды коркутуп, кимдир бирөөгө ооз ачса өлтүрөм деген. Ал ошол маалда жанынан өтүп бара жаткан бейтааныш жарандан гана айбыгып тийген эмес. Соттук отурумда шектүү күнөөнү мойнуна алган жок. Анын айтымында, милиция бул ишке кирептер кылды. Бирок, анын күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөсү жана иштин материалдары менен далилденди», -деди Нурлан Тагаев.

Эң көп окулган жаңылыктар