13:44
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Райондук сот Мелис Аспековду 7 жылга эркинен ажыратты

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту камактагы активист Мелис Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу 4-мартта анын Фейсбуктагы баракчасына уулу Аалы Аспеков жазды.

Ал атасы сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып, күнөөсүн толугу менен четке какканын, күбөлөр да аны кубаттаганын билдирди.

Аалы Аспеков атасы соттун чечимине макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылышарын тактады.

Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы маалыматты ырастап, чечим 28-февралда чыкканын билдирди. Сот чечимине ылайык, Аспековго күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында жаза өтөйт.

Мелис Аспеков экинчи ирет кармалып, экинчи ирет соттолуп жатат.

2020-жылы Октябрь окуяларынын кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын башында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен «250 миң доллар талап кылган» деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып тагылып, «алдамчылык» беренеси да кошулган.

Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, «саясий негизде иш козголгонун» билдирип келген. Президент Садыр Жапаров анын дооматтарын четке каккан.

2022-жылдын мартында Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, алгач 7 жылга эркинен ажыраткан. Ошол жылы июлда Бишкек шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, Аспековду «алдамчылык» беренеси менен күнөөлүү деп таап, ошол эле маалда жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берген эмес. Судья анын алты жылдык абак жазасы каралган «Опузалап талап кылуу» айыбын күчүндө калтырган.

Активист 2023-жылдын май айында президенттин ырайымынын негизинде абактан бошотулган. Кийин ал Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, «пара катары берилди» деген акча өзүнүн акчасын болгонун билдирген жана аны Улуттук коопсуздук боюнча комитет каражатты ага кайтарып бергенин жазган. УКМК муну төгүндөп чыккан.

2023-жылдын сентябрында социалдык тармактарда Мелис Аспековго байланыштуу деген аудио жазуу жарыяланган. Мунун артынан Ички иштер министрлиги аны кармап, эки берене менен айып таккан. Аспеков ал айыптарды четке каккан.

Эң көп окулган жаңылыктар