Былтыр Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун 6 миң 145 учуру катталган. Бул тууралуу маалымат жыйынында ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, бул фактыга физикалык, психологиялык жана сексуалдык зомбулуктар кирет. Ички иштер органдары жабыркаган аялдарга карата 5 миң 752, жабыркаган эркектерге карата 393, жашы жете электерге карата 168 коргоо ордерин беришкен.
ИИМдин өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча аларга бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар жардамга келерин айтышты.