10:04
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Зордуктоого шектелген жаранды үй камагына чыгарган судья кызматтан бошотулду

Ош шаардык сотунда судьялык ыйгарым укуктарын аткарып жаткан жергиликтүү соттун судьясы Айнура Сулайманова мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулду. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн тиешелүү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Айнура Сулайманованы кызматтан алуу тууралуу сунушту Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясы берген. 

Тартиптик жаза колдонуу өндүрүшүн козгоого Ош облусунун прокуратурасынын тартиптик чара колдонуу тууралуу сунушу негиз болуп, анда судья Айнура Сулайманова баңги затка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамдын кылмыш ишин кароосунда, иштин жагдайларын толук изилдебей туруп, ага карата иштин материалдарында тиешелүү соттук экспертизасынын корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарганы негиз болгон.

Жыйынтыгында жогору турган сот инстанциясы чыгарылган соттук актыны жокко чыгарды.

Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1 миң 100 эсеп көрсөткүчү өлчөмдөгү айыпка кириптер кылуу менен 10 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы берилген. Бүгүнкү күндө аталган өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген.

Прокуратура органынын сунушун кароонун жыйынтыгы менен тартип комиссиясы судья Айнура Сулаймановага карата судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик чарасын колдонуу чечимин чыгарды.

Эң көп окулган жаңылыктар