07:38
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Самат Курманкуловдун дарылануусу марттын акырына чейин уланат

Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун ден соолугунда оң жылыштар болгону байкалууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Самат Курманкулов өз алдынча тамак жеп, сүйлөп, кыймылдап жатат. Анын дарылануусу болжол менен марттын акырына чейин уланмакчы.

Өкмөттүн резервдик фондунан Самат Курманкуловдун дарылануусуна деп 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүнгөн. Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлиги 4 миллион 798 миң 520 сом кошумча бөлүп берген.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алып, комага түшүп калган. Учурда ал Москвадагы ооруканалардын биринде дарылануусун улантып, абалы жакшырганы айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар