Эртең Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААКдан билдиришти.
Ондоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:
Аламүдүн РЭСи
- 10.00-17.00 — Көк-Жар айылы (Матыев, Үмөталиев, Нурмамбетов, Арпачиев, Полевая, Сыргак);
Сокулук РЭСи
- 9.00-17.00 — Сокулук айылы (Фрунзе, Жеңиштин 40 жылдыгы), Гавриловка (Дружба), Шопоков (Западная, Степная, Тургенев);
- 10.00-17.00 — Манас айылы (Дружба, Пушкин, Ломоносов, Высоцкий, Спортивная, Черемушки, Школьная, Радиоцентральная), Учкун (Осмонбек, Береговая, Пионер).