15:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Кумтөр» кенинин баардык аймактарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

«Кумтөр» кенинде жоголгон кызматкерлерди издөө иштери токтотулду. Билдирүүгө караганда, дайынсыз жоголгон кызматкерлердин туугандарынын макулдугу менен компаниянын жооптуу кызматкерлери арасында биргеликтүү чечим 9-январда кабыл алынды. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын расмий билдирүүсүндө айтылат.

«Биз бул кырсыкка байланыштуу каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — дейт «Центерра Голд Инк.» компаниясынын өндүрүш боюнча вице-президенти жана башкы директору Дэниел Дежарден. Ал көчкүнүн түшүү себептерин иликтөө үчүн, ишкана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен тыкыс иштей тургандыгын, мындан ары кырсыктарды болтурбоого жаңы ыкмаларды пайдалануу боюнча сунуштарды берээрин кошумчалады.

««Кумтөр» компаниясы эмгек коопсуздугу маселелерин жакшыртуу боюнча олуттуу кадамдарды кабыл алды. Мындан ары штаттагы кызматкерлердин, келишимдик негизде иштегендердин кайсыл аймакта иштеп жатканына карабай, өмүрүнө жана ден соолугуна байланышкан маселелерди дайыма көңүл борборуна алат», — дейт Дэниел Дежарден.

Эң көп окулган жаңылыктар