23:32
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Жарандык никедеги күйөөсү өрт койгон аялдын абалы туруктуу

Жарандык никедеги күйөөсү өрт койгон аялдын абалы туруктуу. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жабырлануучунун бети, эки колу, саны жана курсагы күйгөн.

«Аялдын денесинин 5-6 пайызы күйүк алган. Учурда бейтап керектүү дарылануудан өтүүдө. Аны туугандары зыярат кылып, ал-абалын сурап жатат», — деп билдиришти редакцияга.

Белгилей кетсек, журналисттерге жабырлануучу Сатина жарандык никедеги күйөөсү мындай кадамга кызганычтын айынан барганын айткан. «Мен күйүп жатканда, эл жөн гана мени карап турушту», — дейт ал.

Эске салсак, Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында жубайына бензин чачып, өрттөп жиберүүгө шектүү делип анын жарандык никедеги жолдошу кармалганын Ысык-Көл ОИИББдан тастыкташкан.

Эң көп окулган жаңылыктар