01:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жактоочу: 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иши аяктады

7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иши аяктады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, 10-январдан баштап жактоочулар жана шектүүлөр кылмыш ишинин материалдары менен тааныша башташат.

«Кылмыш ишинде канча том бар экенин азырынча айта албайм. Кээ бир экспертизалардын, айрыкча баллистикалык экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштык, бирок ага макул эмеспиз. Бул боюнча талашып тартышабыз. ИИМдин Тергөө кызматы бизди баардык документтер менен таанышып чыгуу процессин создуктуруп жатат деп күнөөлөй турган болсо, анча таң калбайм деле», — деди жактоочу.

Ал ИИМдин Кылмыш кодексинин бир канча беренелери боюнча кылмыш ишин козгогондугун айтты. Анда «Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук же коркутуу», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Кишилерди барымтага алуу» беренелери тууралуу кеп болууда.

Алдын ала маалыматка ылайык, иш боюнча 12 киши айыпталуучу макамына ээ. Иш менен таанышып бүткөн соң Башкы прокуратурага жолдонуп, андан ары сотко өтөт. Жактоочу сот жабык өтүшү мүмкүн деди.

Эң көп окулган жаңылыктар