08:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сокулук РИИБнын башчысынын катышуусундагы жол кырсыгы. Тосмо арыз жазылды

Сокулук РИИБнын башчысынын катышуусунда болгон жол кырсыгында каза тапкан жарандын өкүлү тосмо арыз жазды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Максат Чойбеков каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө моралдык жана материалдык компенсация төлөп берди.

Каза болгон жарандын уулу Бек Рысбек уулу маалыматты тастыктады. Айтымында, жол кырсыгынын күнөөкөрүнө үй-бүлө мүчөлөрүнүн доосу жок.

«Мен Чүй облусуна караштуу УКМКнын башкармалыгына тосмо арыз жаздым. Менде болгону Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине гана дооматым бар, анткени алар Максат Чойбековду убагында кармашкан жок», — деди Бек Рысбек уулу.

Эң көп окулган жаңылыктар