12:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түндүк электр: Жарыкка болгон эсеп-кысапты алдын ала жүргүзүүгө чакырабыз

Жаңы жылда жана андан кийинки 1-7-январь эс алуу күндөрү электр жарыксыз калбаш үчүн «Түндүк электр» ААКсы электр энергияга болгон эсеп-кысапты алдын ала жүргүзүүгө чакырат. Бул тууралуу ишкананын сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, төлөмдөрдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Элсом», «UMAI» электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы», «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «Кыргызстан Коммерциялык Банкы» аркылуу жүргүзсө болот.

Мындан сырткары, электр энергияга болгон төлөмдү Тоголок Молдо, 70 А дарегинде жайгашкан Тейлөө борборунан жүргүзсө болот. Абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында, Тейлөө борбору иш күндөрү тыныгуусуз саат 08:00дөн 17:00 чейин, ишемби күнү саат 08:00дөн 12:00 чейин иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар