09:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өзбекстанда дарыгерлер эки жылда 351 тонна курулуш гипсин колдонушкан

Өзбекстанда акыркы эки жылда медиктер медициналык гипстин ордуна 351 тонна курулуш гипсин колдонушкан.

Бул маалымат коррупция менен күрөшүү боюнча республикалык ведомство аралык комиссиянын жыйыны учурунда айтылды.

Аткаминерлер бул маселени Өзбекстанда медициналык гипс өндүрүлбөгөнү менен түшүндүрүштү. Медициналык гипс чыгаруу боюнча ишкана куруу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан демилгеленген эмес.

Сыныкка курулуш гипсин колдонуу сөөктүн жылышып кетишине, теринин кычышына жана аллергияга алып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби