10:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өзбекстан БУУнун паспорту бар чет өлкөлүктөргө визасыз режим киргизет

Өзбекстан 1-январдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун биометрикалык паспорту (кызыл түстөгү Laissez-Passer паспорту) бар чет өлкөлүк жарандарга 30 күндүк визасыз режим киргизет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 24-декабрда кол койгон жарлыкта айтылат.

Документке ылайык, БУУнун биометрикалык паспорту (көк түстөгү Laissez-Passer паспорту) бар чет өлкөлүк жарандарга виза эки иш күндүн ичинде Өзбекстандагы кабыл алуучу тараптын катынын негизинде берилет.

Ошол эле маалда Өзбекстанга келгиси келген чет өлкөлүктөрдө жарактуу мөөнөтү БУУнун биометрикалык документтеринен кем болбогон улуттук паспорттору да болушу шарт.

Эң көп окулган жаңылыктар