03:53
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканын жаңы программасы иштелип чыкты

Кыргызстанда 2020-2025-жылдарга жеңилдетилген мамлекеттик ипотеканын жаңы программасынын долбоорун иштеп чыгышты. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, программанын жалпы каржысы 12,5 миллиард сомдон кем эмес. Анын ичинен 10 миллиард сому ипотекалык насыяларды каржылоого, 2,5 миллиард сому экономкласстагы турак жайдын курулушуна коротулат.

Бюджеттен программа үчүн керектүү сумманын 40 пайызы бөлүнөт. Ал эми донорлордун каражаты 50 пайыз, ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруудан түшкөн киреше 10 пайыз болмокчу.

Эң көп окулган жаңылыктар