15:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түштө уктабай оюн ойношот. Бакчаларга пилоттук долбоор киргизүү пландалууда

2020-жылы Бишкек, Ош шаарларынын, балким Чүй облусунун айрым райондорундагы бала бакчаларга түштөн кийинки уктоонун ордуна оюн ойнотуучу пилоттук долбоор киргизүү пландалууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин кеңешчиси Александра Исаева билдирди.

Анын айтымында, мурда завод жана фабрикалар таңкы саат 6да иштеп баштаганына байланыштуу, түштөн кийин уктатуу каралган. Учурда мектепке чейинки мекемелер саат 8ден 17:30га чейин иштейт. «Балдар негизинен 3 жашка чейин укташат. Биз даярдоо тобундагы 6-7 жаштардагы балдар үчүн пилоттук долбоор киргизүүнү пландап жатабыз. Көпчүлүк балдар түштөн кийинки уйкудан качып бакчага баргысы келбейт, айрымдары түн жарымына чейин укташпайт. Мындан улам дүйнө жүзүндөгү тажрыйбаны колдонолу деп жатабыз. Швеция, Норвегия, Америка жана башка өлкөлөрдө түштөн кийин уктатышпайт», — деди ал.

Ошондой эле ал бакчалардагы орундардын толуп калганына токтолуп, уктоочу бөлмөлөр болгону 1,5-2 саатка гана пайдаланылып жатканын айтты. «Эгер керебеттерди алып салса бөлмө кеңейип калат», — деди Александра Исаева. Ал эгер уктагысы келген балдар үчүн бир канча керебетти калтырып койсо боло турганын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар