11:33
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Орусиядан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 150 миң рублга көбөйдү

Орусиядан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 150 миң рублга чейин көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган маселе кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен ушул жылдын октябрь айынын аягында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин деңгээлинде каралган.

Макулдашуулардан кийин «Юнистрим» төлөм системасынын Кыргызстанга акча каражаттарын трансчек аралык которуусунун шарттары өзгөртүлдү. Эми каражаттын булагын тастыктай турган документтерсиз которуулардын максималдуу суммасы 150 миң рублди түзөт.

Эске салсак, ушул жылдын апрелинде Орусия бир тараптуу тартипте Кыргызстанга акча которууга айына 100 миң рублдик чектөө киргизген.

Эң көп окулган жаңылыктар