10:52
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте акциздик маркасы жок кальян тамекилери аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз ташылып келинген акциздик маркасы жок кальян тамекилери аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жүктүн жалпы салмагы — 4 миң 32 килограмм.

«Т.Т. аттуу кыргызстандык жарандын башкаруусундагы «MAN26372» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулуп текшерилген. Айдоочуну токтоткон учурда ташылып келинген товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар сотко чейинки өндүрүшкө алынды», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума