02:00
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кой-Таш окуясы. Клара Сооронкулова комиссиянын корутундусу жасалма экенин айтты

Конституциялык палатанын мурунку судьясы, Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулованын 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, депутат Тынчтыкбек Шайназаровдун 12-декабрда парламенттин отурумунда окуган корутундусу, жеке өзү кол койгон варинаттан алда канча айырмаланып турат.

Анын айтымында, өзү кол койгон корутундуда мурунку депутат Равшан Жээнбеков жана азыркы депутат Рыскелди Момбеков тууралуу сөз болгон эмес.

Жогорку Кеңеште биз кол койгон документ эмес, башкасы тааныштырылды деп айта алам. Азыр мен муну далилдей албайм. Мага корутундуну алып чыгууга болбойт деп колума бербей коюшкан.

Клара Сооронкулова

«Текстти өзгөртүп коюшат деп оюма дагы келген эмес. Кечээ корутундуну окуп чыктым, анда көптөгөн толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиптир. Парламенттин отурумунда Рыскелди Момбеков нааразы болгону эсимде, мен алгач эмнеге экенин түшүнгөн эмесмин, кийин шек санап калдым. Кечээ окуп чыккандан кийин, ал жакта эмнелер гана жазылганын көрдүм. Мындай текстке мен өмүрүмдө кол коймок эмесмин. Жеңиш Разаков буйрук берди деп бекитишиптир. Тактап айткандай, аталган кортундунун мыйзамдуулугу тууралуу маселе күндүн темасынан алынып салынган эмес. Мага өзүм кол койгон протоколду алып келишсин», — деди ал.

Буга чейин комиссия мүчөсү Тынчтык Шайназаров 24.kg агенттигине бул баардык өкүлдөр тарабынан бекитилген, жактырылган вариант деген.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.