05:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сот Текебаевдин мамлекеттик жактоочусу Элмира Чоноеванын лицензиясын калтырды

Ленин райондук соту Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик жактоочусу Элмира Чоноеванын лицензиясын калтырды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясатчынын башка жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, Эльмира Чоноева мамлекеттин эсебинен кызмат көрсөтө турган юристтердин реестринде жок. Тактап айтканда, 2017-жылкы соттук процессте Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновду коргоого анын укугу жок болчу. Бирок сот аны жактоочулук лицензиядан ажыратуу үчүн жетишээрлик негиз таба албады.

Маалыматка таянсак, Элмира Чоноева Биринчи май райондук сотунун имаратында өзүнчө бөлмө ээлеп турган, бул мыйзам бузууга кирет. Ага ким айлык төлөп турганы дагы түшүнүксүз. Жактоочу өзү Текебаевди коргоого сот милдеттендиргенин айткан. Ал эми кызмат акысын ким төлөдү деген суроого, Чоноева жооп бере алган эмес.

Эске салсак, 2018-жылдын ноябрында Элмира Чоноеванын лицензиясын 2 жылга токтотуп коюшкан. Ага чейин сот Элмира Чоноеваны Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновун ишин кайра кароого чейин алардын кызыкчылыгын коргойсуң деп милдеттендирген. Бирок айыпталуучулар алардын кызыкчылыгын мамлекеттик жактоочу коргоп чыгышына каршы болушуп, анын объективдүүлүгүнөн күмөн санашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар