USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Өзбекстанда сабактар мектептин ажатканасында өткөрүлгөн

15:17, 16 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандын Каган шаарындагы № 9 мектептин ажатканасы окуу классы катары пайдаланылганын Бухара облустук акимчилиги ырастады.

14-декабрда социалдык түйүндөрдө Каган шаарындагы мектептин ажатканасында окуучулар билим алып жатканы тууралуу маалымат жарыяланган.

Облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 1986-жылы 1 миң 51 окуучуга ылайыкташтырылып курулган мектепте учурда 1 миң 553 окуучу билим алууда. Буга байланыштуу ажаткана жана ванна бөлмөлөрүнүн бири класска ылайыкташтырылып оңдоодон өткөрүлгөн.

«Үч кабаттын ар бир кабатында ажаткана жана ванна бөлмөлөрү бар. Алардын экөөсү иштебей турган. Болжол менен бир ай мурда класстан тышкаркы сабактарды өтүү үчүн ажаткана бөлмөсүнүн бирөөсү оңдолгон. 13-декабрда ал бөлмөдө өзбек тили сабагы өткөн. Социалдык түйүндөргө жарыяланган сүрөттөр ошол сабакта тартылып алынган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматтарга караганда, облустагы Элдик билим берүү башкармалыгынын өтүнүчү менен ажаткана бөлмөсүн окуу классы катары пайдалануу токтотулду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика