14:26
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

13-декабрда Бишкекте жаңы жылдык балатынын оту жанат

Бишкекте жаңы жылдык балатынын оту 13-декабрда саат 19:00дө жанат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардыктарды бул күнү майрамдык концерт күтөт.

Мэриядан билдиришкендей, өлкөнүн башкы балатысы «Айкөл Манас» эстелигинин чыгыш тарабына орнотулду. Аны кооздоо иштери уланууда.

Шаардын ичи майрамдык инсталляциялар, гирляндалар менен кооздолду.

Эң көп окулган жаңылыктар