16:40
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

«Центерра Голд Инк» компаниясы Монголияда эч кандай активдерге ээ эмес

«Центерра Голд Инк» компаниясы Монголияда эч кандай активдерге ээ эмес. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Акыркы кезде айрым ЖМКга «Монголиянын аппеляциялык соту Центерра Голддун 4 лицензиясын БӨУ пайдасына алып койду» деген маалыматтар чыккан. Ушуга байланыштуу «Кумтɵр Голд Компани» (КГК) жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматты төгүндөп, «Центерра Голд Инк.» компаниясы 2018-жылдын октябрь айынан тартып Монголияда бизнес ишмердигин жүргүзбɵгɵнүн жана Монголияда активдерге же объектилерге ээ болбогонун баса белгилейт.

«Центерра Голд Инк» бул Торонто фондулук биржасында катталган Канадалык компания жана «Кумтɵр», «Маунт Миллиган», жана «Оксүт» кендерине жана дүйнɵ жүзүндɵгү башка кен жайларга ээ. 2018-жылдын октябрь айына чейин, «Центерра Голд Инк.» Монголиядагы эки туунду ишкана аркылуу иштеткен бизнес-бɵлүмгө ээ болгон. Бул Монголиялык компаниялар «Centerra Gold Mongolia LLC» жана «Boroo Gold LLC» деп аталышчу. 2018-жылдын октябрь айында «Центерра Голд Инк.» ɵзүнүн Монголиялык бизнесин Сингапурда негизделген «OZD GROUP PTE Ltd.» аттуу жеке компанияга саткан. Транзакция бул аталган эки компанияны — «Centerra Gold Mongolia LLC» жана «Boroo Gold LLC» (бүтүндɵй бойдон) «OZD GROUP PTE Ltd» компаниясына сатуу менен аяктаган. Кошумча маалыматты «Центера Голддун» тɵмɵнкү пресс-релизинен алсаңыз болот: https://s3.amazonaws.com/centerragold/news/October2018/A6rvd5bxeVejnZsmpFAD.pdf .

Эң көп окулган жаңылыктар