12:29
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 3 киши оор жаракат алды

Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 3 киши оор жаракат алды. Бул тууралуу Ош ОИИББдан билдиришти.

Кырсык кечээ саат 20:15те Нариман айыл өкмөтүндө катталган.

Маалыматка караганда, «Мерседес-Бенц 230» үлгүсүндөгү унаа менен «Хонда Джаз» унаасы сүзүшкөн. Биринчи унаа толугу менен күйүп кетти. «Хонданын» айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү оор абалда Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына жеткирилди. Ал эми «Мерседестин» айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен.

Дарыгерлер жабырлануучулардын абалын оор деп баалашууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү