01:15
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Жасалма номурларды негизинен аткаминерлер пайдаланышат

Жасалма номурларды негизинен аткаминерлер пайдаланышат. Бул тууралуу укук тартиби боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Улугбек Ормонов билдирди.

Ал Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнө канча депутат жол эрежесин бузуп, айып пул төлөп жатканын сурап кызыкты.

Башкармалыктын өкүлдөрүнүн айтымында, эреже бузгандардын катарында депутаттар жок.

Буга чейин депутат Наталья Никитенко жасалма номурларды пайдалануу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунуштаган.

Белгилей кетсек, соцтармакта Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовго окшош киши Бишкекте жасалма номурлуу (578 ACD) унаа менен жүргөн сүрөтү жарыяланган.

Соцтармактын колдонуучулары рулда Алмаз Мамбетов экенин айтышкан. Бирок аткаминер муну четке какты.

Наталья Никитенконун айтымында, эгер рулда Каттоо кызыматынын төрагасы болгондугу далилденсе, анда мыйзам боюнча ал кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек.

Жыл башынан бери Кыргызстанда жасалма номуру бар 768 унаа каражаты аныкталган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар