12:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Унаасына мамлекеттик жасалма номур тагып жүргөн аткаминер кармалды

Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Дамир Монолдоровдун унаасына мамлекеттик жасалма номур тагылган. Бул боюнча сотко чейинки тергөө иши башталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын «173-жасалма же жасалма мамлекеттик каттоо белгилери (белгиси) бар унааны айдоо» беренеси боюнча катталган.

Сотко чейинки териштирүү Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

Эске салсак, Дамир Монолдоров жетекчиликтин уруксаатысыз автоунаанын мамлекеттик номурун башка унаага тагып алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума