01:12
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жасалма номурларды пайдалануу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүү сунушталды

Депутат Наталья Никитенко жасалма номурларды пайдалануу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, соцтармакта Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовго окшош киши Бишкекте жасалма номурлуу (578 ACD) унаа менен жүргөн сүрөтү жарыяланган.

Соцтармактын колдонуучулары рулда Алмаз Мамбетов экенин айтышкан. Бирок аткаминер муну четке какты.

Наталья Никитенконун айтымында, эгер рулда Каттоо кызыматынын төрагасы болгондугу далилденсе, анда мыйзам боюнча ал кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Кыргызстанда жасалма номуру бар 768 унаа каражаты аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар