16:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Орусиядагы жол кырсыгында 4 кыргызстандык набыт болду

Орусиянын Оренбург облусунда кечээ жол кырсыгы катталды. Toyota Previa (минивэн) менен Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, Кыргызстандын 4 жараны каза болуп, дагы 3 жараны ооруканага жаткырылды.

Кырсык Казань-Акбулак унаа жолунун 76-чакырымында болгон.

Каза болгондордун сөөгү керектүү процессуалдык аракеттер аяктагандан кийин өз мекенине жөнөтүлөт. Жабыркаган 3 кыргызстандык Соль-Илецк шаардык ооруканасында жатат, алардын абалы орто оордукта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума