20:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Батукаевдин иши. Бүгүнкү отурум дагы жылдырылды

Биринчи май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү башталды.

Бүгүнкү отурум жылдырылды. Төрагалык кылган судья Эмил Кайыпов ооруп калды. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев 24.kg агенттигине билдиргендей, ал айыпталуучуну угууларга алып келбөө үчүн сураныч жөнөтөт. Иштин акыркы тому менен таанышууга өзү жана Атамбаев үлгүрө албагандыгын айтты.

Буга чейин мурунку мамлекет башчы процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген. Мындан улам соттук отурум жылдырылган.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар