14:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө иштери аяктады

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө иштери аяктады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Тергөө кызматы тарабынан Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш аяктады. Учурда кылмышка күнөөлүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, аларга коюлган айыптар менен тааныштырылууда. Андан соң жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет.

Эске салсак, буга чейин мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кимге кандай айып тагылганын Башкы прокуратурадан билдиришкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө Гемотология борборунун дарыгерлери Эмил Макимбетовго, Ирина Цоповага, аталган борбордун башчысы Абдухалим Раимжановго, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевага, министрликтин өкүлү Канатбек Бектемировго, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиевге, анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге, аталган мекеменин медициналык санитардык камсыздандыруу жана уюштуруу башкармалыгынын башчысы Акыл Асановго, дарыгери Фархад Атаходжаевге, Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын мурдагы прокурору Майрамбек Акматалиевге, прокурордун мурдагы жардамчысы Кубат Жуматаевге, мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага, УКМКнын төрагасынын кеңешчиси Мурат Бекеновго, мурдагы Вице-премьер министри Шамил Атахановго, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовго, жактоочу Али Касымовго, Коопсуздук кеңешинин катчысы БусурманкулТабалдиевге коррупция, кызматтык жасалмачылык, документтерди жасалмасы беренелери боюнча сот тарабынан

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевге карата коррупцияны уюштуруу беренеси боюнча тийиштүү бөгөт коюу чаралары тандалган.

Бүгүнкү күндө, Ирина Цопова, Калыбек Качкыналиев, Мурат Бекенов, Жапар Эрматов, Али Касымов жана Алмазбек Атамбаев сот тарабынан камакка алынышкан, калган шектүүлөр тергөө менен кызматташууга барышкандыктан, бөгөт коюу чаралары катары үй камактары тандалып алынган.

Ал эми, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге карата издөө жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар