04:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 138 даана жыгач эшиктер табылды

Чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 138 даана жыгач эшиктер табылды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунда Ж.Ш. аттуу кыргызстандык «Вольво» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан жеринен токтотулган. Текшерүү маалында жалпы салмагы 4 миң 90 килограмм болгон жүк табылды. 

Айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 825 миң 500 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар